• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жаңы Конституция: Болоор иш болуп, боесу канганда чуу салган депутаттар

5 Жалган куран 2021 18:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документ парламентте депутаттардын кызыл чеке талаш-тартышын жаратты.

Парламентте Жанарбек Акаев баш болуп, Дастан Бекешев төш болуп Конституциянын жаңы долбоорун жазган авторлорду ачыкка чыгарууну талап кылышты.

Болоор иш болуп, боюсу кангандан кийин айрым депутаттар долбоордун демилгечиси болуудан баш тартышты.​

Коррупцияга шек саналып камакка алынган депутат Дүйшөн Төрөкулов парламент жыйынына катышпай туруп, референдумду колдоп «добуш берди». Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Ал эми саясий серепчилер болсо, эл өкүлдөрү баш ооруткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурбай кол коюшканы бул жолу ачык эле билинип калганын белгилешти.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев парламент базаркомдор менен банкирлердин өкүлчүлүгү болуп калганын айтып, парламенттик башкаруунун айырмасы, мамлекетке пайда-зыяны тууралуу кеп козгогону бар.

Юристтер болсо долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Баш мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Умбеталы Кыдыралиев Жаңы Конституцияны 80 депутат демилгелегенин эске салып, жоопкерчилик алардын мойнунда экенин айтты.

Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору кабыл алынгандан көп өтпөй, депутат Дастан Бекешев Баш мыйзамдын жаңы долбооруна байланыштуу сын пикир айтып,ага президент Жапаровдун аккаунтунан жооп жазылды. Мамлекет башчынын комментарийи талкуу жараткан соң, басма сөз катчысы Жапаровдун өздүк баракчасы хакердик чабуулга кабылганын айтты. Бул ишти УКМК териштирип жатканы маалымдалды.

Конституциянын жаңы долбоорун бийлик 11-апрелде референдумга койгону жатат. Документ парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыялангандан бери көп суроолорду жаратып, баш катырууда.

Количество просмотров: 590