• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: «Жаңы» Конституция коомду жарды. Атамбаев сотто бакылдап алды…

18 Жетинин айы 2020 19:12 Бишкек Govori.TV

СЫН ЖАРАТКАН “ЖАҢЫ” КОНСТИТУЦИЯ 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору (жүктөө) коомдук талкууга коюлду.  Депутаттар Конституцияны өзгөртүү үчүн референдумду президенттик шайлоо күнү – 2021-жылдын 10 январында өткөрүүнү сунуштап жатышат. Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча саясатчылар, активисттер каршы пикирлерин айтып баштады.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 18-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары болчу.

ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗСТАНГА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРДАМЫН ЖӨНӨТТҮ

Өзбекстан Кыргызстанга азык-түлүк жардамын жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, коронавируска каршы күрөшкө жардам иретинде 3 000 тонна буудай темир жол менен жөнөтүлгөн. 17-ноябрда аны кыргыз тарап Ош шаарындагы станциядан тосуп алды.

АТАМБАЕВ СОТКО АЛЫНЫП КЕЛИНДИ

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралды. Ага Атамбаев алынып келинип, соттук отурум ачык өттү.

ТЕРМИНАЛДЫ УУРДАП КЕТКЕНДЕР КАРМАЛДЫ

Бишкекте бир нече төлөм терминалын уурдады деп шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы кабарлады. Терминалдарды алып кетип жаткан учур видеокөзөмөлгө түшүп калган. Анда көрүнүп тургандай, бизнес-борбордун жанына Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа келип токтоп, андан бет кап кийген кишилер түшөт. Алар аппаратты машинанын артына салып, качып кетишкен.

Количество просмотров: 408