• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ЕБРР былтыр Өзбекстанга жарым миллион доллардан ашык жардам берди

21 Үчтүн айы 2021 14:31 Бишкек Govori.TV

Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы (ЕБРР) 2020-жылы Өзбекстанга 521 млн доллар өлчөмүндө насыя берген.

Банктын маалыматына караганда, каражат Өзбекстандагы банк секторун, чакан жана орто бизнести, инфраструктураны модернизациялоо жана кайра калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүгө арналган 18 долбоор үчүн жумшалган.

Өзбек экспортчуларын жана импортчуларын насыя менен камсыздоо максатында 220 миллион доллар өлкөдөгү бир катар банктарга берилген.

Жумушчуларынын 80% өзбекстандык болгон биргелешкен чакан жана орто ишканаларды колдоо үчүн да каражат бөлүнгөн.

Банк жергиликтүү каржы мекемелери аркылуу “Борбор Азия аялдары бизнесте” долбоорун да колдоого алган.

Өзбекстандын жашыл энергияга өтүшүн кубаттоо үчүн Новои облусунда 100 МВт кубаттуулуктагы күн электростанциясын курууга насыя бөлгөн. Сурхандарыя облусундагы суу жана электр менен камсыздоо инфраструктураларын модернизациялоого 150 миллион доллар насыя жумшалган.

Дагы 55 миллион доллар жеке сектордогу долбоорлорго көмөктөшүү үчүн бөлүнгөн.

Количество просмотров: 18