Бүгүн, 29-январда ЖК жыйынында депутаты Арсланбек Малиев Кыргызстандын Германиядагы элчилигин виза боюнча коррупцияга айыптап, ишин текшерүүнү сунуштады.
“Балким, элчиликтин кызматкерлери, элчи баш болуп коррупцияга киришип жатат. 15-ноябрда Германиянын жараны визага кайрылат. Бирок, негедир, визасын бербейт. Кайрадан айласыз 15-январда экинчи жолу акча төлөп жатат. Бул деген таза опузалоо да. Себеби, эки жолу акчасын төлөтүп, визасын бербей жатыптыр”, — дейт ал.
Азырынча Өмүрбек Текебаев же элчилик өкүлдөрү депутаттын айыптоосуна жооп бере элек.