• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Текебаев депутат Малиевдин айтканына жооп берди

30 Үчтүн айы 202511:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 29-январда Жогорку Кеңеште элчиликтин виза берүү ишинде “коррупция болуп жатканы” боюнча айтылган сынга жооп берди. Элчи Фейсбуктагы баракчасына 30-январда жарыялаган видеосунда элчиликтеги виза берүү процессинде адам фактору жокко чыгарылганын жана коррупцияга жол берилбей турганын айтты.

Текебаев кээде документтер так, толук болбой каларын, мындай учурда чет элдик жаран кайра арыз берүүгө укуктуу экенин, ар бир кайрылууда консулдукка акы катары 50 АКШ доллары төлөнүшү керектигин белгиледи. Бул каражат “коррупция эмес, мыйзамда көрсөтүлгөн кызмат акы” экенин, мындай практика көпчүлүк өлкөлөрдө колдонуларын кошумчалады.

Кечээ депутат Арсланбек Малиев Кыргызстандын Германиядагы элчилигин виза боюнча коррупцияга айыптап, мекеменин ишин текшерүүнү сунуштаган.

Количество просмотров: 743