• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Текебаев Берлиндеги советтик жоокерлердин эстелигине гүл койду

10 Бугу 2024 13:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата Тиергартен жана Трептов паркында (Берлин шаары) курман болгон советтик жоокерлердин эстеликтерине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Кр тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, бул күнү элчи Өмүрбек Текебаев Азербайжан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын элчилери, ошондой эле башка чет мамлекеттердин өкүлдөрү жана аскер атташелери менен бирге Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон советтик жоокерлердин элесин мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерди.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын элчилери курман болгон советтик жоокерлерге куран окушту.

Количество просмотров: 80