• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эдил Байсалов бейөкмөт уюмдарын сынга алды

15 Жетинин айы 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-ноябрда «Улуттук диалог» аттуу форуму өтүп, анда министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөдү. Анда ал бейөкмөт уюмдарды сынга алды.
Анын айтымында, өкмөт кызматташууга ачык жана аткаруу бийлиги коомдун жана Жогорку Кеңештин азыркы жана келечектеги курамынын толук көзөмөлүндө.

“Менин “кылыбыз кышайбайт” деген сөздөрүмдү чечмелөө боюнча бийликтегилер пикир келишпестиктерди басууга бел байлап жатат деген ар кандай божомолдор ачык жана жоопкерчиликтүү болбойт – бул жөн эле туура эмес. Кеп жаңы Конституция “120 президенттин” бийлигине чекит койгонунда, катардагы депутаттын кандайдыр бир кокустук, компетентсиз пикири бүтүндөй мамлекеттик аппараттын иш-аракетине түз жол көрсөткүч болуп калган. Президент Садыр Жапаров башында турган министрлер кабинетинин жана бүтүндөй аткаруу бийлигинин бейөкмөт сектор менен кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө ачыктыгын жана даярдыгын жарыялоо менен, менимче, бир нече маанилүү шарттарды жана принциптерди айтып коюшум керек. Биздин келечектеги мамилелерибиздин эң натыйжалуулугун жана ийгилигини камсыз кылуу… Бийлик менен тыгыз жана ийгиликтүү кызматташууга, ошого жараша аларга өздөрүнүн уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык көмөк көрсөтүүгө жана таасир этүүгө ишенген бейөкмөт уюмдар тирешүүнүн курсунан так жана талашсыз түрдө баш тартууга тийиш”, — деди Байсалов.

Анын айтымында, кимдир-бирөөгө “хайп” керек болсо, коомдук уюмдардын статусуна жашынбай, саясатка барсын.

«Эгер сизге кызматташуу керек болсо анда ал узак мөөнөттүү, талыкпаган, чыдамкай жана компетенттүү кылынган ишке негизделиши керек. Муну дүйнө жүзү боюнча бардык ийгиликтүү жарандык коомдун уюмдары жасап жатат. Алар бийлик менен жана жеке эксперттер, адистер жана чечимдерди кабыл алуучулар менен ишенимдүү мамилелерди түзүшөт. Биздин өлкөдө айрым бейөкмөт уюмдар резонанстуу пресс-конференцияларды өткөрүү жана социалдык түйүндөрдө өңүтсүз айыптоо үчүн гана бар», — деп кошумчалады ал.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары бийлик өкүлдөрү жарандык сектор менен диалогдун жана өз ара аракеттенүүнүн кандай формаларын каалап жатканын айтып берди. Анын пикиринде, бейөкмөт уюмдар жана активисттер чечим кабыл алуу процессине катышууну жактырышпайт, же билишпейт жана өз функцияларын аткарышпайт.

Жана ошондой эле Байсалов жарандык активисттерди мамлекеттик органдарга, мамлекет жетекчилигине, Жогорку Кеңештин депутаттарына кат жана кайрылуу жазууга чакырды.

Эдил Байсалов Фейсбукка билдирүү жазуу бийлик менен байланышуунун нормалдуу жолу эмес, бирок маселе өкмөт тарабынан чечилишине үмүт жок калганда гана басма сөзгө чыгып, коомдук пикирге, андан да дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу керек деп эсептейт.

Белгилей кетсек, Эдил Байсалов өзү бейөкмөт уюмдун жетекчиси катары коомчулукка кеңири тааныла баштаган. Ал “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдардын коалициясын жетектеп, саясий процесстерге активдүү катышкан.

Количество просмотров: 304