Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурунку орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалат. Бул тууралуу «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев билдиргенин «VB.KG» агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Байсалов элчи болууга атайы уруксаат алган.
«Британия тараптан берилген документтер КРдин Тышкы иштер министрлигине келип түшүүсү керек. Андан соң аны КР Президенти жактырып кол коюсу абзел»,- деген Сартбаев.
Эске салсак, Эдил Байсалов 2018-жылдын октябрь айында «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын мүчөсү болгон.
Ал эми Байсалов өзү жана ТИМ бул тууралуу эч кандай маалымат тараткан эмес.