• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Эдиль Байсаловдун айтканы Жапаров каалаган сөз». Текебаев Байсаловдун сынына жооп кайтарды

15 Жетинин айы 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун сынына жооп кайтарды.

Ал видеокайрылуу жасап, Эдил Байсаловдун айткандары боюнча өз пикирин билдирди.

«Эдил Байсаловдун деңгээлине түшүп акыйнек айтышуу мага туура келбейт. Бирок, ал айтып жаткан сөз өтө маанилүү. Биздин мамлекет өзүм билемдиктин айлампасына түшүп бара жаткандыгын көргөзгөн симптом. Байсалов, «силердин кеңешиңер эч кимге кереги жок, ооз ачканга укугуңар жок» дейт. Ал эмне кудаярханбы? Бизде эч ким жарандын сөз эркиндигин, пикир айтуу эркиндигин, мыйзамдуулукту талап кылуу эркиндигин жокко чыгара албайт», — деп баштаган өз кайрылуусун Текебаев.

Ал кошумчалагандай, Байсаловдун «Жапаров түнкү 3-4 телефон менен ойготуп, смс менен тапшырма берет» дегени коррупцияга, өзү билемдике алып келет.

Эске салсак, буга чейин шайлоого үгүт иштеринин жүрүшүндө саясатчы Өмүрбек Текебаев: «Президент өкмөткө да жооп берет дегени менен, ал кишинин министрлерди чогултуп алып жыйын курганын али көрө элекпиз», — деген пикирин айткан. Буга жооп катары Эдил Байсалов президент министрлерди зарыл учурда күнү-түнү чакырып иштеп жатканын белгилеген. Ошондой эле президентти популисттик кадамдардан алыс деп сыпаттаган.

Количество просмотров: 1936