• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЕЭКте иштеген кыргызстандыктар 14 кычкылтек концентраторун алып беришти

14 Теке 20209:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына көмөк көрсөтүү максатында Евразия экономикалык комиссиясында (Москва шаары) иштеген Кыргызстандын өкүлдөрү 14 даана кычкылтек концентраторун алып беришти. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, кычкылтек концентраторлору республиканын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.

Количество просмотров: 85