• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Эфиопияда миңдеген үй бүлөгө жардам берилди

14 Бугу 201914:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.

Түркия дин иштери фонду рамазан айында Эфиопиядагы жардамга муктаж 3 миң 500 үй — бүлөгө тамак – аш жардамын берди.
Түркия дин иштери фонду Афар аймагында 2 миң 500, Оромия аймагында да 1000 жакыр жана жеринен кеткен үй — бүлөгө тамак — аш таркатты.

Оромиянын Себета аймагында бүгүн эрте менен тамак — таркатуу ишине катышкан Түркиянын Аддис Абабадагы элчиси Япрак Алп бул жерде сүйлөгөн сөзүндө көп сандаган түрк жарандык коом мекемелеринин рамазан айында өлкөгө келгендигин айтып : «Түрк калкы Эфиопия менен бирге»,- деди.

Жыл сайын болгондой качкындарга жана үйүн таштап кетүүгө мажбур болгондорго алдыңкылык берилди.

Эфиопияда таркатылган жардамдар 75 тоннага жакын. Жардамга муктаж кишилер таркатылган тамак — аш менен эң аз 2 – 3 айлык негизги муктаждыктарын камсыз кыла алат.


Количество просмотров: 13