• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эгемен эл ээрчиме болбошу керек. Нарк сакталсын

23 Жалган куран 2023 17:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-мартта «Демократия, маданият, тарых, диндер, каада-салттар, стандарттар» деген темада жыйын өттү. Иш-чаранын негизги максаты ааламдашуу заманында улуттук баалуулуктарды баалап, идеологияны сактап калуунун маанилүүлүгү болду.

Учурда биздин адатка каршы келген батыштын бир жыныстагылардын баш кошуусу, ошондой эле жынысын алмаштыруу өңдүү жат көрүнүштөрүн биздин жашоого да киргизүү аракети көрүлгөн чакта, буга кантип каршы туруу керектиги айтылды.

Кыргыздын тарыхында карылар үйү, балдар үйү деген түшүнүк болгон эмес. Бул маселени дагы улуттун улуу эпосу болгон Манастын негизинде эле чечсе болот деген пикир айтылды.

Мындан сырткары эл агартуу багытына каражатты аёосуз бөлүп, мугалимдердин окуучуларга татыктуу билим бериши үчүн, аларга ыңгайлуу шарт түзүү зарыл экени баса белгиленди.
Кыргызстан Азия өлкөлөрүнө киргенден кийин, Батыштын баалуулуктарын алууда иргөө зарыл.
Коомду сактап калууда тойлордо алып баруучулук кылган тамадалар менен иштешсе, жигердүү иш жүрмөк деген дагы пикир айтылды.

Жыйынтыктап алганда бул жыйында маселе талкууланып, анын чечүү жолдору айтылып, бийликке болгон көрсөтмө болду. Калган иш эми өкмөттүн аракетине жараша болот.

Количество просмотров: 132