• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы Ошто белгиленет

17 Баш оона 202310:51 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ошто өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, 31-август күнү Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Н. Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт.

Программанын долбоору:

— Ош шаарында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү (Сулайман-Тоо);

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция жана Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышы (ОшМУ);

— “Ош – достуктун шаары” иш чарасы (Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры);

— Спорттук мелдештер (Ахматбек Сүйүнбаев атындагы Ош шаарынын борбордук стадиону);

— Ат оюндары (“Төлөйкөн” ат майданы);

— Майрамдык салтанаттуу иш-чаралар (Ош шаарынын борбордук аянты).

Кошумчалангандай, иш чараны чагылдырууну каалган ММК өкүлдөрү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Басма сөз кызматына кайрылуусу керек.

Количество просмотров: 277