31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине арналган «Ала-Тоо» аянтындагы салтанатка россиялык ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина жана италиялык ырчы, композитор IN-GRID келип катыша турганы кабарланды.
Бул жаңылык коомчулукта чоң талкуу жаратып, бир катар сын пикирлер менен коштолду. Айрымдар чакырылган ырчыларга берилүүчү гонорарды башка нерсеге жумшалса жакшы болмок деген пикирлерин билдиришкен.
Талкууларга президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жооп берип, 31-август – Эгемендүүлүк майрамына карата чакырылган чет өлкөлүк ырчыларга мамлекет тарабынан акча берилбей турганын жазды. Анын айтымында, ырчыларга мамлекет тарабынан же жеке тараптар аркылуу дагы эч кандай гонорар төлөнбөйт, алар 100 жылдык мааракени куттуктап келишүүдө.
«Болгону жатаканасын жана тамак-ашы менен гана камсыздайбыз. Ырчылардын келүүсүнөн дагы кынтык издеп, түрдүү талкууларды жаратып жаткан досторго айтарым, майрамга жакшы маанайда катышып, концерт көрүп кетиңиздер», — деп жазды.
Бирок, Орунбековдун билдирүүсү соцтармактагы талкууларды азайтпай эле, кайрадан жаңы талкууга жол ачкандай.











