• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эгемендүүлүк күнүнө карата мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды

1 Аяк оона 202214:33 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктады.

Ведомстводон белгилешкендей, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2021-жылдагы жана 2022-жылдын 7 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүү аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп 13 компания аталды:

  • өндүрүш жаатында – «Бессер-Центральная Азия» ААК, «Viva Tex» ЖЧК;
  • курулуш жаатында – «Интегра Хотел Инвестмент» ЖЧК, «Южный Комбинат строительных материалов» ЖЧК, «Южно-Кыргызский цемент» ЖАК;
  • соода жаатында – «Газпром Кыргызстан» ЖЧК, «Гласслэнд Компани» ЖЧК, «Ак-Бата» ЖЧК, «Прод Импекс» ЖЧК;
  • тейлөө жаатында – «Бакай Банк» ААК, «Нур Телеком» ЖЧК, «Скайнет Телеком» ЖЧК, «Центр отдыха «Радуга плюс» ЖЧК.

Мыкты салык төлөөчүлөргө салтанаттуу түрдө тийиштүү сертификаттар жана төш белгилер тапшырылды.

Мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктоо – бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда зор салым кошкон жана республиканын салык мыйзамын так сактаган ишкерлердин жогорку сиңирген эмгектерин мамлекет тарабынан таануусунун белгиси.

Количество просмотров: 256