• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эгемендүүлүк күнүндө унаа айдабай эле коюңуз

29 Баш оона 202410:58 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 31-августта борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өтөт.

Мэрия шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун тыгындарды болтурбоо үчүн жеке унааларынан баш тартып, коомдук транспорт менен жүрүүнү суранат.

Эскерте кетсек, бул күнү Бишкектин борбордук көчөлөрү транспорт үчүн жабылат.

Количество просмотров: 131