• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эгемендик күнүн белгилөөгө экс-президенттер келди

31 Баш оона 2023 12:42 Бишкек Govori.TV

Быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдык мааракеси Ош шаарында белгиленет. Ага президент Садыр Жапаров, ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев, парламент депутаттары, коомдук, саясий, жана маданий ишмерлер катышат.

Ошондой эле иш-чарага Кыргызстандын экс-президенттери Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышты.

Салтанаттын алкагында «Сулайман тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туу көтөрүү аземи өттү. Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги ачылды.

Ош улуттук драма театрында «Ош — достук шаары» фестивалы болот. Түштөн кийин Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдештин финалы өтөт.

Кечинде шаардын борбордук аянтында өлкө эгемендигин жана маркум Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган концерт уюштурулат.

Количество просмотров: 142