• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкектин борбордук бөлүгүнө унаалар үчүн чектөө киргизилет

29 Баш оона 2023 17:27 Бишкек Govori.TV

Эгемендүүлү күнүн майрамдоого байланыштуу Бишкекте Ала-Тоо аянтына транспорт каражаттары үчүн убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-августта майрамдоо учурунда коопсуздук үчүн борбордук аянттын Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүнө унаалар үчүн чектөө киргизилет.

Мындан тышкары, Орозбеков жана Раззаков, Абдрахманов көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки аралыкка дагы чектөө коюлат.

Милициянын кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жолдоо жүрүү үчүн каттамды алдын ала тандоону өтүнөт.

Количество просмотров: 74