• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эгемендүүлүк майрамына келген эски саясатчылар (Сүрөт)

31 Баш оона 2021 15:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында аскердик парад өттү.

Анда мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Салтанаттуу иш-чарага экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков жана башка саясатчылар катышты.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков
Экс-президент Роза Отунбаева
Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков

Мындан сырткары, аянттан зооттолгон танка, БТР жана артиллериялык аскер техникалары көрсөтүлдү. Аскердик парадга коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жетекчилик кылып, аны өлкө президенти Садыр Жапаров кабыл алды.

Салтанаттуу парад эмгекчилердин, маданияттын жана искусствонун мыктыларынын, спорт чеберлеринин парады менен уланды.

Количество просмотров: 2590