• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чуңкурчакта бийиктиги 31 метрди түзгөн Кыргызстандын туусу көтөрүлдү

31 Баш оона 2022 11:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик Баатырдын 200 жылдыгын майрамдоонун салтанаттуу ачылышында өлкөнүн туусун көтөрдү.

Белгилей кетсек, флагштоктун бийиктиги 31 метрди түзөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Иш-чарага төрага Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Ошондой эле Чуңкурчак жайлоосунда бул күнү XIX кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Количество просмотров: 193