Чек ара жабык турганына байланыштуу Египеттин Шарм-Эль-Шейх шаарында калган жарандар бийликке кайрылуу жасашты.
Аталган шаарда калган жарандардын айтымында, мейманканада дээрлик адам жок, болгону кыргызстандыктар гана калган.
«Биз бүгүн Египпеттен Кыргызстанга кайтышыбыз керек болчу. Коңшу Казакстан өздөрүнүн жарандарын алып кетти. 150дөн ашык адам аэропортто кармалып турабыз. Бизди тез арада алып кетүүңүздөрдү суранабыз»,-деп айтылат кайрылууда.