• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Египетте эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды

5 Тогуздун айы 2022 18:28 Бишкек Govori.TV

Египетте эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Интерпол бюросу менен Египеттин Интерполу биргеликте Каир шаарында биргелешкен издөө иш-чараларын өткөрүп, эл аралык издөөдө жүргөн 42 жаштагы “Азаматулло” каймана аттуу А.А. ысымдуу кылмышкердин өздүгү аныкталып, кармалды.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүгүндө («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») каралган кылмыш жасагандыгы үчүн Ички иштер министрлигинин Интерпол бюросу тарабынан издөөдө жүргөн.

Ал жарандарга ишеним көрсөтүп, алдамчылык жолу менен мүлк жана акча каражаттарын ээлеп алган.

Египеттин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан издөөдөгү шектүүгө карата Египеттен административдик чыгаруу түрүндө чечим колдонулган. Азыркы учурда КР Башкы прокуратурасынын жардамы менен Кыргызстанга кайтаруу жана тергөө органдарына өткөрүп берүү маселеси иштелип чыкты.

Количество просмотров: 278