Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси өлкөсүндөгү өзгөчө абал режимин дагы 3 айга чейин узартты. Жарандардын ден соолугуна байланыштуу кооптуу абалдан улам кабыл алынган 3 айлык режим 28-апрелден тарта эсептелет.
Египеттин бир катар райондорунда саат кечки жетиден таңкы алтыга чейинки аралыкта коменданттык саат да узартылат. Буга чейин коменданттык саат кечки тогуздан таңкы алтыга чейин болчу. Ички жана тышкы аба каттамдары токтотулган.
Учурда Египеттин аймагында коронавирус аныкталган 4782 адам бар. Алардын ичинен 1,2 миңден ашык адам дарыланып, 337 бейтап каза болду.