• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Екатеринбург—Бишкек чартердик каттамы менен 157 жаран учуп келди

28 Чын куран 202012:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунда Екатеринбург—Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. «Урал авиакаттамдары» компаниясынын учагы менен 157 жүргүнчү учуп келди.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет. Андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.

Количество просмотров: 118