• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Екатеринбургда кыргызстандык айдоочулар иш таштоо жарыялашты

9 Теке 201914:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.07.2019.Govori.TV.

Екатеринбургда №012 жана №019 каттамдагы маршруттук унаалардын айдоочулары айылык маянаны көтөрүү талабын коюп ишке чыгышкан жок. «Европейско-Азиатские новости» сайты «Восток» транспорттук компаниясынын директору Алексей Карпычевге шилтеме жасап билдиргендей, иш таштагандардын баары Кыргызстандыктар экен.

Карпычев журналисттерге билдиргендей, жайкысын жүргүнчүлөрдүн саны азаят. Анткени, көпчүлүк эс алууга кетишет, студенттер жана окуучулар окубайт. Ал эми айдоочулардын маянасы жүргүнчүлөрдүн санынан көз каранды. Ошондуктан, алар баа саясатын карап чыгуу талап коюшууда.

Басылма билдиргендей, Өзбекстан жана Тажикистандан келген айдоочулар жумушка чыгышкан. Жалгыз гана Кыргызстандык айдоочулар позициясын бере элек. Андыктан, маселени чечүү жолдору табыла элек.

Ал эми, мэриянын жообу башкача. Транспорттук мекеменин жетекчисинин маалыматы боюнча айдоочулар каттамга техникалык мүчүлүктүктөрдөн улам чыкпай калган. Маселе чечилген жана каттамдар өз тартиби менен жүрүп жатат.

Количество просмотров: 11