• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Эки айдан бери издөөдө жүргөн 16 жашар кыздын сөөгү талаадан табылды

15 Чын куран 201910:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

Жалал-Абадда эки айдан бери издөөдө жүргөн 16 жашар кыздын сөөгү талаадан табылды.

Камила Абдубаитова 18-февралда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.

«Кечээ милицияга кыздын агасы кайрылып, Музок аймагында кыздын сөөгү табылганын айтты. Милиция кыздын чирип бара жаткан сөөгүн табышты. Туугандары кызды жанында жаткан кийиминен таанышты», — деп айтылат маалыматта.

Экспертиза дайындалды.

Эске салсак, февраль айынан бери издөөдө жүргөн кыз жоголоор алдында аны ата-энеси багып алганын билген.

Количество просмотров: 14