• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эки айлык баланы уурдоого шектелген аял кармалды

1 Бештин айы 2021 19:07 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын баш калаасы Душанбеде эки айлык баланы уурдоого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүү Рудаки районунун Кампиркаъла айылынын тургуну Нигора Ахмедова экени аныкталды.

«30-ноябрда түштөн кийин Ахмедова Душанбедеги №13 бейтапканага барып, бир келинге баласын карашууга жардам берейин деп өтүнгөн. Келин бир нече мүнөткө кеткен учурда ал абалдан пайдаланып, баланы алып качып кеткен», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү 1-декабрь күнү таңкы саат 4:20да Душанбенин четинде кармалган.

Нигора Ахмедовага карата «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Количество просмотров: 2513