• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Эки депутат Конституциянын жаңы долбооруна автор эмес экенин айтып чыгышты

3 Жалган куран 202112:38 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева Конституциянын жаңы долбоору жана референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбооруна автор эмес экенин айтып, колтамгасын чакыртып алды.

Дал ушундай эле билдирүүсу менен депутат Айгерим Бешимбаева да кайрылды. Ал парламенттин 3-марттагы жалпы жыйынында долбоорго катышы жок экенин айтты.

«Мен кат түрүндө да жазгам. Мен демилгечи эмесмин, тизмеден алып коюңуздар. Долбоорго тиешем жок. Талкууга да катышкан эмесмин», — деди Бешимбаева.

Конституциянын долбоорун жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору парламенттин 3-марттагы сессиясында талкууланууда.

Бир катар депутаттар Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автору деп айтылган 80ден ашуун депутаттын аты-жөнүн ачыкка чыгарууну талап кылышты.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбеков авторлордун бири өзү экенин, бирок башкалар тууралуу маалымат бере албастыгын маалымдады. Парламенттик аппараттын техникалык кызматкерлери авторлор тууралуу маалыматты кагаз жүзүндө таратарын кошумчалады.

Количество просмотров: 72