Эки күн мурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалган Тердикбаев Эрлис Жекшеновичке генерал-майор жогорку аскердик наамы берилди. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Тердикбаев буга чейин Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы кызматын аркалап келген.