• Дүйшөмбү 27 Аяк оона 2021

Жапаров генерал-майор наамын кимдерге тапшырды? (тизме)

7 сентября 2021 в 10:35 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыктарга ылайык:

  • Иманкулов Марат Мукановичке генерал-лейтенант наамы берилди;
  • Өмүралиев Таалайбек Барыктабасовичке – генерал-лейтенант наамы берилди;
  • Бекболотов Бакытбек Асанкалиевичке – генерал-майор наамы берилди;
  • Шаршеев Уларбек Зарлыковичке – генерал-майор наамы берилди.
Количество просмотров: 3465