Кыргызстандык балбандар Будапешттеги кадеттер арасындагы күрөш боюнча мелдеште 4 медаль жеңишти. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, грек рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта Раззак Бейшекеев жана 51 килограмм салмакта Нуристан Сүйөркулов алтын утуп, дүйнө чемпиону болушту. Андан тышкары Нурболот Бердикулов (45 кг) коло байге утту. Ал эми эркин күрөш боюнча мелдеште Имронбек Рахманов (45 кг) коло медаль жеңген.
Кошумчалай кетсек, мелдеш 19-25-июль күндөрү Будапеште өттү.