• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Эки өлкө лидери кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулашты

28 Жетинин айы 2019 10:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Эки өлкө лидери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшкөн.

27-ноябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келген.

«Тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм деп сыпатталган ЖККУга Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан мүчө. 2019-жылы уюмга Кыргызстан төрагалык кылды. Жыйын өзү 28-ноябрда өтөт.

Количество просмотров: 54