• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эки партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдиришти

30 Баш оона 2021 18:01 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Улуттар биримдиги» саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Болотбеков Руслан Бейшенбековичти, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Сыдыков Камиль Таштанбековичти дайындады.

Ошондой эле буга чейин БШКга «Социал-демократтар» саясий партиясынан Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түшкөн болчу.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Касымбеков Нурбек Айтыевичти, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Усубалиев Таалайбек Болотбековичти дайындады.

Календарлык планга ылайык КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин КР БШК эске салат.

Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин

Количество просмотров: 292