• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эки партия шайлоочуларды талаша кетишти

11 Жетинин айы 202412:35 Бишкек Govori.TV

Учурда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун үгүт өнөктүгү кызуу жүрүп жатат.

Өткөн дем алыш күндөрү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышып жаткан «Жаңы күч» саясий партиясы менен «Социал демократ» саясий партиясы шайлоочулар менен жолугушууда түшүнбөстүк болгонун айтышып, бири-бирин чагымчылдыкка күнөөлөп чыгышты.

Бул партиялар бири-бирине болгон нааразылыктарын социалдык тармактар аркылуу билдирип жатышат. Эки партия тең чыр-чатакты чечүүнү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы чечиши керектигин айтып чыгышты.

Эске сала кетсек, шайлоо өнөктүгүнүн башталышында шайлоого катыша турган партиялардын лидерлери үгүт кампаниясын таза, ачык өткөрүү, социалдык тармактарды терс маалыматтар жана касташуу үчүн колдонбоо боюнча меморандумга кол коюшкан эле.

Количество просмотров: 154