2023-2024-жылдар аралыгында жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 304 млн сом каралган.
Ушул убакытта жалпысынан 1 млн. 167 миң 935 нускада окуу-методикалык топтомдору даярдалып, “Учкун” ААКнын басмаканасында басылып чыкты. Андан тышкары 2 млн. 238 миң сомго 270 топтом (1 650 том) окуу китептери Брайль ариби менен даярдалып, басылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев басма сөз жыйынында билдирди.
Касымалиевдин айтымына караганда, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча объективдүү себептерге байланыштуу 16 миллион 271 миң 162 сом республикалык бюджетке кайра кайтарылган.
Сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылдын 6-июнунда Сингапурдун Marshall Cavendish басмасынан математика (алгебра, геометрия), илим (табият таануу, физика, химия, биология), англис тили предметтери боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык топтомдоруна мөөнөтсүз лицензия алынды.
Учурда бул китептер англис тилинен кыргыз жана орус тилдерине которулуп жатат. Аталган китептер эки жылдын ичинде даярдалып, жетиштүү нускада басылып чыкмакчы.