• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат

14 Баш оона 202415:29 Бишкек Govori.TV

Быйыл 1-сентябрь дем алыш күнүнө туура келгендиктен жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2-сентябрда өлкөдөгү бардык мектептерде билим күнүнүн башталашына байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп, 3-сентябрдан тартып сабактар өтүлө баштайт.

Количество просмотров: 120