Бишкек шаарына мектеп окуучулары үчүн атайын автобустар алынып келинди. Бүгүнкү күнгө чейин окуучулар транспорт маселесинен кыйналып келишкен. Жаңы окуу жылынын башталышында башталган жолдогу тыгындар шаардыктарды дүпөйүл кылып турганда бул жакшы көрүнүш.
Мектеп окуучулары үчүн алынып келинген автобустардын саны болжолдуу 50дөй. Жаңы алып келинген автобустар боюнча маалыматты Билим берүү министрлиги кийинчерээк тактап берерин билдирди.