• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эки жылдык чектөөдөн кийин Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду

2 Бугу 2022 8:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын эсебинде 2-май күнкү майрамдык намазга болжол менен элүү миңдей киши чогулду.

Президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер да майрамдык жөрөлгөгө катышышты. Коомдук коопсуздукка милиция кызматкерлери көз салып турушту.

Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы президенттик админстрациянын алдындагы эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы жапырт намазга тыюу салынып, мечиттерде санитардык талаптарды сактоо менен окулган.

Количество просмотров: 160