• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Экибастуз шаарынын жылуулук түйүндөрүндөгү аварияга «станция кызматкерлеринин катасы себеп болгон»

2 Бештин айы 2022 17:34 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Экибастуз шаарындагы жылуулук түйүндөрдүн иштен чыгуусуна болжолдуу түрдө станция кызматкерлеринин катасы себеп болгон. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министринин биринчи орун басары Роман Скляр 1-декабрь күнү кечинде өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, жумушчулардын катасынан улам дароо бир учурда түйүндөгү басым кескин жогорулап, жылуулук тармагындагы көптөгөн түтүктөр жарылган.

«27-ноябрда дароо бир учурда 43 түтүк, 28-декабрда 30 түтүк жарылган. Мындай кырсык Экибастузда биринчи жолу катталып жатат. Авария жылуулук электр борборунда эмес, түйүндөрдө болгон. Системадагы суунун көп жоголуусунан улам ЖЭБдеги от казандар автоматтык түрдө өчкөн»,– деди Скляр.

Ал 1-декабрдын кечине карата Экибастузда 17 көп кабаттуу жана 41 жеке турак-үй жылуулуксуз калып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, бул үйлөргө 2-декабрда кечке чейин жылуулук берүүнү калыбына келтирүү пландалууда.

Экибастуз шаарында 27-ноябрга караган түнү жергиликтүү жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) экран куурларынын үзүлүүсүнө байланыштуу № 11 от казан ишин токтотуп, андан соң дагы үч агрегат иштен чыккан. Жыйынтыгында 30 градустук суукта ондогон көп кабаттуу жана жеке үйлөр, социалдык мекемелер жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу шаарда техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Количество просмотров: 230