• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Экибастузда 48 миң абонентке электр чыгымдары үчүн 11 доллардан төлөнүп берилет

28 Бештин айы 2022 9:29 Бишкек Govori.TV

Борбор Азия электроэнергетикалык корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Багдат Орал ишкана Экибастуз шаарынын жашоочуларынын электр энергиясына жумшаган чыгымдарын компенсациялоо үчүн “Экибастузэнерго” компаниясына 240 миллион теңге которууну пландап жатканын билдирди.

Шаардагы 48 172 абоненттин эсебине болжол менен беш миң тенгеден (11 доллардын тегерегинде) акча которулары күтүлүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Казакстандын түндүгүндө жайгашкан Экибастуз шаарында 27-ноябрда Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) агрегаттын түтүктөрү жарылган. Авариянын айынан 30 градус суукта шаардын 150 миңдей калкы жылуулуксуз калган. Калаада өзгөчө кырдаал жарыяланып, облус башчысы иштен алынган.

Өзгөчө кырдаал 8-декабрда алынган. Көптөгөн үйлөрдө суу жана канализация түтүктөрү тоңуп калган. Анын кесепетинен шаардагы жүздөгөн батирлер ремонтко муктаж.

Количество просмотров: 66