Бүгүн, 15-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултай өтүп жатат.
Эки күнгө созулган жыйынга 700 делегат келди. Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.
Элдик курултайга кимдер келди, алар эмне маселе көтөрөт?
Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.