Кочкор районуна жумушчу сапар менен барган УКМК төрагасы райондук оорукананын бир нече имаратын түрттүрүп, ордуна жаңысын салуу, көрктөндүрүү боюнча тапшырма берген.
Ал жумушту эртерээк баштоону талап кылып, УКМКнын райондогу башчысына кайрылган. Кызматкерин бир саамга таппай калган Ташиев жини келип, анын кол телефонун ыргытып жиберди. Видеону Регион каналы жарыялады .