• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЕККУ Кыргызстандагы бардык тараптарды кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды

10 Тогуздун айы 2020 10:55 Бишкек Govori.TV

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагалыгы Кыргызстандагы бардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга жана өлкөдөгү кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Уюмда төрагалык кылуучу Албания өлкөсүнүн атынан жарыяланган кайрылууда:

“Албания төрагалыгы кырдаалдын начарлашына байланыштуу тынчсыздануусун белгилеп, Кыргызстанды биримдикке чакырат. Биз Кыргызстандын бардык саясий лидерлерин жана жарандарын зомбулуктан алыс болууга жана өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо кызыкчылыгында иштөөгө чакырабыз.»

Кайрылууда ЕККУ Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды тыкыр көзөмөлдөөнү улантып жатканы белгиленди.

Кыргызстан ЕККУ менен кызматташтыгын 28 жыл мурда баштаган. Бул уюмга мүчө өлкөлөр кезек-кезеги менен төрагалык милдетти аткарышат.

Количество просмотров: 67