Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты А. Токторов экономика министри Олег Панкратовдун экинчи жарандыгы тууралуу кеп козгоду.
“Биз Панкратовдун кандай иштеп жатканын көрүп жатабыз. Аягы суюлбаган иш сапарлар менен чет жерлерге чыкканда ал дайыма бизнес классты тандап, экинчи паспорт колдонуп жүрөт. Бул туурасында социалдык маселелер боюнча комитетте дагы да көтөрөбүз”, — дейт А.Токторов.
Ал эми бул маалыматты тастыктоо үчүн аталган министрликтин пресс-катчылыгына байланышып жооп ала алган жокпуз.