• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Экономика министринин орун басарлары алмашты

6 Чын куран 2022 12:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Экономика жана коммерция министрлигинин жамаатына министрдин жаңы эки орун басарын тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтин расмий сайтына жарыяланды.

«Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Чоро Сейитов Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ошол эле мыйзамдын 18-беренесине ылайык, Вероника Исаева Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга ушул жылдын 29-мартында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Количество просмотров: 113