• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Экономика министрлиги АКШнын санкция тууралуу маалыматына жооп берди

20 Теке 2023 9:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстанда кармалган 14 учкучсуз аппарат боюнча маалымат берди. Министрлик «Инвест Импульс» ишканасынын кытайлык DJI Agras T30 үлгүсүндөгү учкучсуз аппараттары былтыр, 2022-жылы Казакстан аркылуу Орусияга ташылып бара жатканда кармалганын билдирди.

«Учкучсуз аппараттар Кыргызстандын импорт, экспорт, реэкспорт жана транзит товарлары боюнча улуттук көзөмөлгө алынган товарлардын тизмесине кирет жана аларды ташууга уруксат кагазы талап кылынат. Бирок «Инвест Импульс» ишканасы 2022-жылы мындай типтеги товар ташууга уруксат сурап кайрылган эмес. Мекеме учкучсуз аппараттар айыл чарбасында кеңири пайдаланылып жатканын эске алып, товардын экспорттук көзөмөлгө жатарын билбеши мүмкүн. Бул экспорттук көзөмөл эрежелери бузулган жалгыз учур экенин баса белгилейбиз, ишкана толугу менен жоопкерчиликке тартылган», — деп жазылган маалыматта.

Министрлик ошондой эле быйыл АКШ, Евробиримдик жана Британиянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кеткен соң, мындай товарларга экспорттук көзөмөл күчөтүлгөнүн кошумчалап, бир катар чаралар көрүлгөнүн кошумчалады.

Анын ичинде мындай товарлар Кыргызстанга атайын уруксат берүүчү документтерсиз киргизилбөөчү атайын системага камтылганы айтылат. Мамлекеттик бажы жана Салык кызматтары мындай товарлардын жүгүртүлүшүн электрондук эсеп-фактура аркылуу көзөмөлгө алганы, ишкерлерге экспорттук көзөмөлгө алынган товарларды мыйзамсыз сатууга жол берилбестиги эскертилип турары жазылган.

«Мындан тышкары министрлик Европа биримдигинин жана АКШнын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнө экспорттук көзөмөлдү жакшыртуу боюнча кеңеш берүү сунушу менен кайрылган. Биз Евробиримдиктин ыйгарым укуктуу органдары товарларды сыртка чыгарууда аны акыркы сатып алуучунун сертификатын талап кылуусун сунуш кылганбыз. Бул кыргыз тарапка мындай товарларды сатып алуучу субьектилерге мониторинг жүргүзүүгө шарт түзмөк», — деп жазылган маалыматта.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандын «Экспорттук көзөмөл тууралуу» мыйзамына быйыл, 15-февралда өзгөртүү киргизилгенин, учурда аны ишке ашыруу үчүн нормативдик актылар иштелип жатканын билдирди.

The Washington Post басылмасы 18-июлда АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынып жатканын жазды. Анда мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканы, америкалык жана европалык дипломаттардын Кыргызстанга жасаган сапарлары жыйынтык бербегендиктен, Вашингтон ушул аптада экономикалык чараларды кабыл алары белгиленген.

Басылма Кыргызстандан Орусияга ташылып бараткан кытайлык 14 DJI Agras T30 учкучсуз учактар тобунун Казакстанда кармалганына токтолгон. Казакстандын бажысы жеткирүүчүнүн жүккө тиешелүү документтери жок экенин билдирген.

Количество просмотров: 115