• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Экс-айыл чарба министри Мурашев ооруканага түштү

27 Бугу 201911:02 Бишкек Govori.TV


Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев ден-соолугуна байланыштуу ооруканага түштү. Бул туурасында экс-министр Govori.TV агенттигине өзү тактады.

Айта кетсек, бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл алды.

Эске салсак, өткөн жылы айдалган картөшкө сатылбай, ороолордо чирип кеткендиктен министрликтин ишине сын-доомат көп айтылды. Өкмөттүн соңку жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дал ушул маселе боюнча Мурашевдин ишин сындаган.

«Бир Бол» фракциясынын сунушу менен кызматка келген мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев 24-майда кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган. Бул кызматка ал  2016-жылдын аягында дайындалган.

Количество просмотров: 21