• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Экс-депутат Асылбаева кызматка дайындалды

7 Аяк оона 2023 16:19 Бишкек Govori.TV

Асылбаева Гюльшат Кадыровна Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ал эми аталган кызматтын төрагасы болуп кечээ, 6-сентябрда дайындалган Мамыралиев Айбек Абасканович бул кызматтан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Количество просмотров: 228