• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акаев Асылбаевага: Митингчилерге чыгып жооп бериңиз

25 Кулжа 2020 12:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат. Анда депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Гүлшат Асылбаевага Ак үйдүн алдына митингге чыккандардын алдына чыгып, жооп бериши керектигин белгиледи.

«Азыр жүздөгөн адам Жогорку Кеңештин алдында митингге чыгып, бул мыйзамга каршы чыгып жатышат. Сиз өзүңүз алардын алдына чыгып, жооп берүүгө даярсызбы?»,-деди Акаев.

Ал эми депутат Гүлшат Асылбаева митингчилерге жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Азыркы тапта Жогорку Кеңештин алдында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Акцияга чыккандар колдоруна “Баш кесмей бар, тил кесмей жок”, – деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турганын көрүүгө болот. Ошондой эле алар “Гүлшат Асылбекова, мен мыйзамга каршымын, бирок мен фейк эмесмин” деп кыйкырышууда.

Количество просмотров: 966