• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Экс-депутат Исхак Масалиев коронавирус жуктуруп алды

10 Кулжа 2021 9:59 Бишкек Govori.TV

Мурдагы депутат Исхак Масалиев коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Айтымында, абалы канааттандырарлык, бир аптадан бери обочолонууда.

«Көпчүлүк жарандар үчүн тест тапшыруу жеткиликтүү эмес, баасы жогору. Мисалы менин текшерүүдөн өткөнүм 15 000 сомду түздү. Акысыз диагностика адам өтө кыйналып, оору курчуп кеткенде гана жүргүзүлөт экен. Милдеттүү түрдө акысыз же минималдуу баада жалпы диагностиканы киргизүү керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасы реалдуу эместигине ишенем. Адамдар ушул илдетти жуктуруп алып, тилекке каршы, каза болуп жатышат», — деген.

Ошондой эле Масалиев саламаттыкты сактоо министри коомго шоу көрсөткөндүн ордуна коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн бюджеттен кошумча каражат талап кылуу керектигин кошумчалаган.

Количество просмотров: 4039